Ишкерди коркутуп акча алып жүргөн милиционер колго түштү

Ишкерди коркутуп акча алып жүргөн милиционер колго түштү

Укалоо салонунун ээсинен опузалап пара алып жүргөн Ленин РИИБдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектеги укалоо салондорунун биринин ээсинен ар дайым опузалап акча каражатын алып келген Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. кармашты.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. эки жыл бою укалоо салонунун үстүнөн калкалоосу үчүн айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында милиция кызматкери коркутуу жолу менен укалоо салонунун ээсинен 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.
Бул акча каражаттар ай сайын “О деньги” электрондук капчык аркылуу которулуп турган. Ал терминалдардын биринде 5 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалды.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлиги өз катарларынан коррупцияга аралашкан кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

Азыркы учурда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин жасаган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланып жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>