Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулат
Фермерлер үчүн 10 млн евро грант табылды
19.05.2023 | 18:48
Германиянын өнүктүрүү банкы (KFW) Кыргызстандын өкмөтүнө 10 миллион евро грант берет. Каражат фермерлерге насыя берүү үчүн долбоорго катышкан тандалган финансы институттарына багытталган.
Долбоор фермерлерге жана бизнеске улуттук валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга жардам берет.
Кошумчалай кетсек, Европа өнүктүрүү банкы 22 миллион евро кредит линиясын берет.
“Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Борбор Азия үчүн инвестициялык фонддон 5 миллион евро агрардык-финансылык секторду колдоо жана фермерлер менен агробизнестерге техникаларды жаңыртуу жана өз иштеринде заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн бөлүнөт“, – деп билдирет Каржы министрлиги.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика