Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айландырылат

06.07.2026 | 16:24
Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айландырылат — Новости Кыргызстана

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККсында акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында жалгыз акционер — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги — Фондду микрофинансылык компанияга айландыруу милдетин койду.

Жыйында башкармалык жана директорлор кеңеши Фонддун учурдагы ишмердүүлүгү, финансылык көрсөткүчтөрү жана ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Микрофинансылык компания макамын алгандан кийин Фонддун мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейет. Ал кошумча финансылык ресурстарды тарта алат, корпоративдик баалуу кагаздарды чыгарат, валюталык операцияларды жүргүзөт жана мыйзамга ылайык калктын депозиттерин кабыл алуу укугуна ээ болот.

Мындан тышкары, насыянын эң жогорку суммасы 5 миллион сомдон 9 миллион сомго чейин көбөйөт. Бул чакан жана орто бизнести кеңири каржылоого жана жаңы кредиттик продуктуларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Өзгөртүүдөн кийинки артыкчылыктуу багыттардын бири — ислам каржылоо терезесин ачуу. Ошондой эле Фонд кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн санариптештирүүнү улантып, автоматташтырылган банктык системасын жаңылайт.

Жыйындын жыйынтыгында Финансы министрлиги Фондго өзгөртүүнү ишке ашыруу жана анын ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Scroll to Top