Үч тонна баңгизат, кармалган 417 адам жана жети баңги лабораториясы: ЖККУ операциясынын жыйынтыгы

ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында «Канал — Янтарь жээги» («Канал — Янтарный берег») аталышындагы субрегионалдык баңгизатка каршы операция аяктап, ага Кыргызстандын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, операция 29-июндан 3-июлга чейин өткөрүлүп, ал баңгизаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюуга, жашыруун баңгизат лабораторияларын жоюуга, ошондой эле баңгизат кылмыштуулугуна байланышкан финансылык агымдарды аныктоого багытталган.

Биргелешкен аракеттерди координациялоо үчүн Калининград шаарында Эл аралык координациялык штаб түзүлүп, анын ишине Кыргызстандын ИИМдин БМЖКККсынын делегациясы катышты.

Операциянын алдын ала жыйынтыгы боюнча, ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 351 килограммдан ашык баңгизат жана психотроптук заттар, 2 тонна 441 килограммдан ашык күчтүү таасир этүүчү заттар жана 1 тонна 96 килограммдан ашык прекурсорлор алынды.

Мындан тышкары, 7 жашыруун баңгизат лабораториясы жоюлуп, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан 521 кылмыш аныкталып, 417 адам кармалды. Ошондой эле 24 даана ок атуучу курал жана 680ге жакын ок-дары алынган.

Операциянын жүрүшүндө тыюу салынган маалыматтарды тараткан 1 376 интернет-ресурс, ошондой эле жалпы суммасы 100 миллион рублдан ашкан 2 миңден ашуун шектүү финансылык операция аныкталды.

Ошондой эле эл аралык координациялык штабдын программасынын алкагында ок атуу боюнча мелдеш өткөрүлүп, анда КР ИИМдин БМЖКККсынын кызматкерлери биринчи жана экинчи орундарды багындырганы маалымдалды.