Сокулукта аялын сабаган киши Россияга качып баратканда кармалды

Сокулукта аялын сабаган киши Россияга качып баратканда кармалды

Сокулук районунда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам 28 жаштагы келин ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-августта дене жаракаттары менен Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына 1994-жылы туулган Б.Ф. аттуу жаран кайрылган.  Ал 15-августта Сокулук районунда жайгашкан үйүндө күйөөсү тарабынан сабалганын билдирген.

Анын арызы Биринчи май райондук милициясына каттоого алынып, материалдар Сокулук РИИБге өткөрүлүп берилген.  Жабырлануучунун дене жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Сокулук РИИдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Россия Федерациясына кетүүгө аракет кылган учурда жабырлануучунун күйөөсү — 1989-жылы туулган А.Н. кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: зомбулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>