Ислам оюндары: Камила Абдыл-Хамитова фехтованиеден коло алды

Ислам оюндары: Камила Абдыл-Хамитова фехтованиеден коло алды

Кыргызстандык спортчу Камила Абдыл-Хамитова Ислам тилектештиги оюндарында фехтованиеден коло байге алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Камила Абдыл-Хамитова жекеме-жеке беттешинде колого ээ болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн фехтование боюнча командалык таймаштар өтөт.

Учурда Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын спортчулары 8 алтын, 7 күмүш жана 13 коло байге ала алышты. Аталган мелдештер Түркиянын Конья шаарында өтүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>