Бишкек мэриясы Аламүдүн райондук милициясына айып пул салды

Бишкек мэриясы Аламүдүн райондук милициясына айып пул салды

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Аламүдүн райондук милициясына айыппул салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой инспекциянын атына Аламүдүн райондук милициясынын жанында жашаган тургундар арызданып, анда милиция кызматкерлери таштандыны такай өрттөй берерин билдиришкен.

Ал арызга ылайык Жибек-Жолу проспектиси 68 дарегинде жайгашкан Аламүдүн райондук милициясына 23 миң сом айып пул салынган.

Укук коргоо органдары таштанды жакканын моюнуна алышкан эмес. Мындан улам бул иш административдик комиссия тарабынан каралмакчы.

Бишкек мэриясы таштандыны өрттөөгө тыюу салынган белгилеп, ага 7,5 миңден 23 миң сомго чейин айып пул каралганын эскертет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>