Баткенде 2,5 тонна насвай ташып бараткан жаран кармалды  

Баткенде 2,5 тонна насвай ташып бараткан жаран кармалды  

Баткен облусунда чек арачылар аткезчилик менен алектенген эки жаранды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 14-августта Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен—Сох—Айдаркен унаа жолунун Боз-Адыр айылына жакын жерде УКМКнын чек ара кызматы 1995-жылы туулган А.Ж.у.нын башкаруусундагы «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаасын Сох анклавынан (Өзбекстан) Кыргызстанга мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган 2500 кг «карбамид» жер семирткичтерин кармашкан.

Ошондой эле, бүгүн, 15-августта Кадамжай районунда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Н.К.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Чоң-Гара анклавынан (Өзбекстан) Кыргызстанга тамеки буюмдарын (насвай) жана анын компоненттерин алып чыгууга аракет кылган 1992-жылы туулган жаран кармалды. Жүктүн жалпы салмагы 2,5 тоннадан ашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар жана жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>