COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
Ислам тилектештик оюндары: Төрт балбан финалга чыкты
12.08.2022 | 18:30
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык төрт балбан финалга чыкты.
Финалга Айпери Медет кызы (76 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) чыкты.
Андан тышкары коло үчүн Дилназ Сазанова менен Бек Коңурбаев күрөшө турган болгон.
Эскертке кетсек, учурда Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык балбандардын капчыгында 4 медаль бар. Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев алтын, Алмаз Сманбеков күмүш жана Нуртилек Карыпбаев коло алган.
Финал Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда