Ысык-Көлдөн табылбай калган 4 жашар Аишага жаназа окулду

Ысык-Көлдөн табылбай калган 4 жашар Аишага жаназа окулду

Ысык-Көлгө чөгүп табылбай калган 4 жашар Аишага Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы мечиттердин бирине жаназа окулду. Бул туурасында жаназага катышкан Reporter.kg басылмасынын окурманы билдирди.

Анын айтымында, жаназа жума намаздан кийин окулган.

“Биз жаңы эле жума намазын окуп, элдер бирин-серин сыртка чыгып бара жатканда жаназага туруп кеткиле мусулмандар деген чакыруу болду. Мындан улам жалпы жамаат чогулуп, жаназага камдана баштадык. “Ким болду экен? Сөөк качан алынып келет болду экен”- деп элдер суроолу карап калганда имам 4 жашар Аишага жаназа окула турганын кабарлады. Анын жаны шейит кеткенин айтып, сөөгү жок болсо да жаназа окулаарын белгиледи”-деди окурман.

Ысык-Көлдө 25 күндөн бери табылбай жаткан 4 жашар Аиша Мурдинованы издөө иштери 9-августта токтотулганын Reporter.kg′ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен. Эске салсак, ал ушул жылдын 18-июлунда саат 15:00дөрдө Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, бөбөк апасы менен сууда баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал башталып, толкун болгон. Ата-энеси бир заматта кызын таппай калышкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Ысык-Көлдө 4 жашар Аишаны издөө уланууда. Кыздын апасы үн катты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>