Июнь окуясында ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Июнь окуясында ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Жалал-Абаддын Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 39 жаштагы И.Ш. жана 46 жаштагы Ж.А. аттуу Кыргызстандын жарандары 27-майда кармалган.

«Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле милициянын подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган», — деп билдирет УКМК.

Аталган факт боюнча козголгон кылмыш иши кайра жандандырылып, кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камакка алынган.

«Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>