Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиБишкекте ӨКМге караштуу Башкаруу борборунун экс-башчысы камакка алынды — райондук соттун тактоосу1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
Ысык-Көлдөн эки айда 5 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды
01.06.2023 | 10:02
Ысык-Көлдөн эки айдын ичинде беш миң тоннадан ашык таштанды ч ыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тазалоо иштери ӨКМдин суучулдары тарабынан жүргүзүлүп, ушул жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 000 балык уулоочу тор чыгарышты.
“Жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, 5470 кг суу астынан таштанды терилди”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө 2023-жылдын 12-мартында башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом