Эмгек министри жакынкы жылдары кандай адистерге талап болорун айтты

Эмгек министри жакынкы жылдары кандай адистерге талап болорун айтты

Жакынкы жылдарда дүйнөлүк эмгек рыногу санариптештирүү жаатында жогорку талаптарга жооп берген жаңы көндүмдөрү бар адистерге муктаж болот. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги: трансформациядан жаңы доорго” аттуу конференцияда билдирди.

«Ошондуктан адилеттүү трансформация 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги принциби болуп саналат. Санариптештирүү жана жашыл экономика Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн ажырагыс компоненттери болуп саналат.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүнө жооптуу министрлик катары биз германиялык тарап менен биргеликте эл аралык талаптарга ылайык кесиптик чеберчиликти сертификациялоо системасын иштеп чыгууну көздөп жатабыз.

Кыргызстан да өз жарандарын чет өлкөлөрдө цивилизациялуу ишке орноштуруу системасын өнүктүрүүдө. Германиянын Федералдык Эмгек министрлиги менен кол коюлган кызматташуу меморандумунун негизинде кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча иштер улантылат», — деди министр.

Кудайберген Базарбаев Борбор Азиянын эмгек рыногунда аймактык интеграциянын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз талдоо жүргүзүү, эмгек рыногун жөнгө салуу жана санариптик инструменттерди аймакка киргизүү боюнча биргелешкен механизмдерди түзүүгө кызыкдарбыз. Евросоюздагыдай ачык эмгек рыногун түзүү тажрыйбасы биз үчүн абдан пайдалуу болмок. Ошол эле учурда аялдардын экономикалык чөйрөгө активдүү катышуусун колдоого көңүл буруу керек», — деди ал.

Министр ошондой эле кыргыз-герман багытындагы кызматташуунун жыйынтыгын белгиледи.

Фонддун колдоосу менен Otto-Bock компаниясынын заманбап германиялык технологиясы менен буттун модулдук протездерин жасоо долбоору ишке ашырылган.

“20 жылдан ашык убакыттан бери Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому Кыргызстандын өкмөтүнө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында колдоо көрсөтүп келет. Тактап айтканда, Эмгек рыногунун маалымат системасы жана Zanyatost.kg веб-порталы ишке киргизилди. Ушул жылдар аралыгында иш менен камсыз кылуу жаатындагы долбоорлор – кесиптик билим берүү, кесиптик багыт берүү боюнча кыйла натыйжалуу иштер ишке ашырылды. Биз үчүн жетишилген натыйжаларды институтташтыруу маанилүү. Ф.Эберт Фондунун өз ара аракеттенүүсү менен кыргыз-герман кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», — деди ал.

Конференциянын алкагында Германиянын Бундестагынын мүчөсү Андреас Ларем менен эмгек миграциясы жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу сүйлөшүү болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>