УКМК издөөдө жүргөн чет элдик жаранды кармады

07.06.2023 | 22:33

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган К.А.Г. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалды.

К.А.Г. “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн, ал Кыргызстандын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык К.А.Г. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда УКМК тарабынан К.Г.А. аттуу жаранды Кыргызстандын аймагында жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top