Көчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөтБУУнун башкы катчысы: жасалма интеллект теңсиздикти эмес, адамдарды колдоого тийишAir China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачатБишкекте баңгизат колдонгон абалдагы айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти18-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43° чейин көтөрүлөт
Венесуэладагы жер титирөө: каза болгондордун саны 2 954кө жетти
05.07.2026 | 12:45

Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалыматтарды, ошондой эле бийлик тарабынан адамдарды куткаруу жана калкка жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды Венесуэла Боливар Республикасынын Маалымат жана байланыш министрлиги өзүнүн Telegram-каналында жарыялады.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, 16 миң 592 адам жаракат алды, 16 миң 309 адам үй-жайсыз калды. Ошондой эле 190 имарат толугу менен талкаланып, дагы 856 имарат олуттуу зыянга учураган.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6 миң 462 адам куткарылды. Ооруканаларда жана башка дарылоо мекемелеринде 22 миң 445 адам медициналык жардам алды. Жалпысынан 86 миң 794 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, жабыркагандарга 9 миң 486 тонна азык-түлүк берилди.
Эскерте кетсек, Венесуэлада жер титирөө 24-июнь күнү кечинде болгон. Болжол менен 40 секунддук айырма менен магнитудасы 7,2 жана 7,5ке жеткен жер алдындагы силкинүүлөрдүн эки сериясы катталган. Алардын очоктору Венесуэланын Яракуй штатында бири-биринен 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Теги: Венесуэла, землетрясение