Караколдо дрондор боюнча эксперттердин кеңешмеси өттү

Караколдо дрондор боюнча эксперттердин кеңешмеси өттү

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында учкучсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин аймактык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов, БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү А. Миталл айым, БУУ БКБнын Кыргызстандагы программалык кеңсесинин жетекчиси А. Селезнев, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларустан келген делегациялар, улуттук мамлекеттик органдар жана Борбордук Азиядагы аймактык маалыматтык координациялык борборунун өкүлдөрү катышкан.

Кеңешменинин биринчи күнүндө инновациялык жабдуулардын технологияларынын жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Кызмат техникалык жабдуулардын көргөзмө аземи болуп өткөн.

Уланбек Султановдун айтымында, баңгизатка каршы күрөшүүдө дрондорду колдонуу тоолуу аймактарда жапайы кара куурайдын өсүшүнө ыкчам чара көрүү жана байкоо жүргүзүүгө жана тийиштүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

«Андан ары делегациялар жер-жерлерде учкучсуз учактарды жана инновациялык технологияларды практикалык колдонуу менен таанышышты. Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын Баңгизаттарды контролдоо боюнча улуттук маалыматтык-аналитикалык борбордун директору Нарзуллаев Олим башында турган делегация менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү», — декп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>