Бишкекте аймактар аралыкты кастыкты козутууга шектүү кармалды

Бишкекте аймактар аралыкты кастыкты козутууга шектүү кармалды

Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда социалдык тармактарга белгисиз жарандын аймактар аралык кастыкты козуткан сөздөрү айтылган видеокайрылуусу тараган.

Аталган фактыгы байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.

«Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойноп, «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан кийин калыстардын ишине нааразы болгон күйөрмандар тополоң чыгарган. Бул окуяга байланыштуу бейбаштык жасаган делип 39 адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 5 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Дагы 27 кишиге Укук бузуулар кодексинин 126-берене (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөн.

Ошто болгон көк-бөрү оюнунан кийинки жаңжалдан соң Таласта белгисиз адамдар Россиядан Ош облусуна Талас арылкуу бараткан 4 жаранды сабап салган. Сабагандардын тарткан видеосу соцтармактарга тарап кеткен. Бул фактыга байланыштуу Таластын 28 жаштагы 5 тургуну кармалган. Аларга «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон.

Таластагы окуядан кийин белгисиз жаран соцтармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, аталган облустун тургундарынын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүнү жасаган. ИИМ аталган жаранды кармаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>