Электр унаа ээлерине бир катар жеңилдиктерди берүү сунушталууда

Электр унаа ээлерине бир катар жеңилдиктерди берүү сунушталууда

Кыргызстанда электр унааларынын ээлерине бир катар жеңилдиктерди берүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Ал айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, анын ичинде Бишкектеги түтүн маселесин чечүү үчүн тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтып, анда электр унаа айдагандарга жеңилдик берүү каралганын билдирди.

Маматалиев белгилегендей, электр унааларынын ээлерине жашыл номерлер берилип, аларга унаа салыгына 10%, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жазылган айып пулдарга 20%дан 50%га чейин жеңилдик берүү сунушталууда. Ошондой эле унаанын айнегин караңгылатууда 50% жеңилдик каралып, унаа токтотуучу жайлар акысыз болот.

Депутаттын айтымында, электр унаалардын баасы кымбат болгондуктан, аталган жеңилдиктер жарандардын электр энергиясы менен жүргөн унааларды сатып алуусуна түрткү берет.

Ошондой эле электр унааларды лизингге берүү маселеси да каралат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>