Президент комуз формасындагы пирс тууралуу: Саясий маселе болсо, элден сурабай эле чечим чыгармакмын

Президент комуз формасындагы пирс тууралуу: Саясий маселе болсо, элден сурабай эле чечим чыгармакмын

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, Чолпон-Атада көл жээгинде салына турган комуз формасындагы пирс боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүүгө эмне себеп болгонун айтты.

Журналист өлкө башчысы шайлоодо 80 пайыз добуш алганын белгилеп, ал чечим кабыл алуу укугуна ээ экенин айтып, элге кайрылуусунун себебин сурады.

“Ооба, элдин 80 пайызы мага ишенип, 6 жылга өз тагдырын, мамлекеттин келечек тагдырын чечүү укугун берген. Эгер саясий маселе болсо мен элден сурабай эле өзүмдүн чечимимди чыгара бермекмин. Бирок бул маселе улут менен кошо жаралган улуттун аспабы – комуз жөнүндө болуп жаткандан кийин сурамжылоо кылып коёюн дедим.

Анткени мага басма сөз катчым телефон чалып: “Ар ким ар кандай пикир жазып жатышат, каргагандар да бар”,- дегенде бул мага катуу тийип, сурамжылоо жарыяладым.

Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? “Рух Ордого” келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да.

Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?”, — дейт Жапаров.

Ошондой эле Жапаров мамлекеттик тууну өзгөртүп жатканда, эмне себептен эл арасында сурамжылоо кылбаганы тууралуу суроого да жооп берген.

“Желек эми комуз эмес да. Желек тез-тез алмашып турган символ. Биздин кыргыз деген атыбыз беш миң жылдан бери жашап келет. Комузубуз дагы ошол мезгилден бери келатат. Желегибиз болсо далай жолу өзгөргөн. Дагы да мезгил талабына жараша өзгөрө берет.

Мисалы өнүккөн өлкөлөрдү алалычы. Америка өз желегин 26 жолу өзгөрткөн. Испания, Венесуэла 8 жолу. Францияда желек саясий режимге карап алмашып турганы маалым.

Эң негизгиси мен элибиздин тагдырына, мамлекетибиздин келечегине балта чапкан чечимдерди кабыл албасам болду. Андай чечимдерди кабыл алуудан алысмын.

Ар бир чечимим жети эмес, жетимиш өлчөнүп, бир кесилет.

Демек, менин ар бир саясий чечимимдин артында келечекте эл үчүн, мамлекет үчүн бир жакшылык же пайдасы бар бир нерсе жатат деп билсеңиздер болот.

Ар бир чечимиме тарых өз баасын берет. Азыркы мезгилдеги чечимдериме келечекте кыргыз эли, келечек муундарыбыз “эң жакшы” деген баа бербесе дагы, “жакшы” деген баа берет деп терең ишенем”, — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>