Кадамжай: Тойдон кийин уулангандардын саны 122ге жетти

Кадамжай: Тойдон кийин уулангандардын саны 122ге жетти

Кадамжай районунда тамакка уулангандардын саны 122ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сакто министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен 43 киши (анын ичинде 2 бала) Кадамжайдагы жалпы дарыгерлик практика борборунда жана 2 киши Айдаркендеги жалпы дарыгерлик практика борборунда дарыланууда. Калган 77 адам үй шартында дарыланууда.

Лабораториялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, ууланган 5 адамдын клиникалык материалдарында Proteus vulgaris (протей түркүмүндөгү бактерия) жана Staphylococcus aureus (алтын стафилококк), ал эми 6 адамда Proteus vulgaris бактериялары табылган. Ошондой эле эт, тоок этинен алынган үлгүлөрдөн Proteus vulgaris бактериялары аныкталган.

Учурда калган уулангандардан, кафенин кызматкерлеринен алынган үлгүлөр текшерилүүдө.

Эскерте кетсек, 30-июлда «Алмаз» тойканасында 250 кишинин катышуусу менен үйлөнүү үлпөтү өткөн. 31-июлда тамакка ууланган адамдар ооруканага кайрыла башташкан (алар кусуп, ичи өтүп, алсыздык сезип, дене табы 39 градуска чейин көтөрүлгөн). 1-августта кафе текшерилип, 6 кызматкерден, идиш-аяктардан кайсы бир инфекциянын бар же жоктугун аныктоо үчүн үлгүлөр алынган. Андан тышкары үй ээси жасаган эттен лабораториялык текшерүү үчүн үлгүлөр алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>