Массалык уулануу: Кадамжайдагы тойдон кийин 58 адам жабыркады

Массалык уулануу: Кадамжайдагы тойдон кийин 58 адам жабыркады

Баткен облусунун Кадамжай районундагы  тойканада массалык уулануу катталып, 58 адам жабыркады. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жабыркаган адамдардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала). Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн. Алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

«Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уулануу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>