Адылбек Бийбосуновдон Сокулуктун эли эмнени өтүндү? — сүрөт

Адылбек Бийбосуновдон Сокулуктун эли эмнени өтүндү? — сүрөт

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга 350дөн ашык жергиликтүү тургун катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер айтылып, ИИМ жетекчилигинен көзөмөлдөп берүүнү суранышты.

Өз кезегинде Адылбек Бийбосунов бүгүн жарандар тарабынан айтылган ар бир маселе көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлө турганын айтты. Ошондой эле, ИИМден келген тиешелүү кызматтарынын башчыларына тапшырма берип, жарандардын ар бир арыз-даттануулары, кайрылуулары мыйзам чегинде каралып, тиешелүү чечимдерди чыгарууну тапшырды.

Алсак, жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын айдоочулук күбөлүктү ала албай жатканы, милициянын аймактык тескөөчүсүнүн жетишсиздиги, кылмыш ишинин созулуп жатышы, жерлерди басып алуу боюнча маселелер менен кайрылышты.

Андан сырткары, эл менен жолугушууга келишкен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге Сокулук районунун жашоочулары социалдык,  укук коргоо багытында, жер, таза суу, мектептердин жетишсиздиги, стадиондун  курулушунун аяктабай калышы боюнча суроолорун беришип, аткарылышын көзөмөлдөп берүүнү айтышты. Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы келишкен бийлик өкүлдөрү айтылган ар бир маселе жагдайына жараша чечиле тургандыгын билдиришти.

Жергиликтүү тургундар жолугушууга келишкен бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришип, баталарын беришти. Негизинен аталган жолугушуулар элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө арналгандыгын белгилейбиз.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>