Кадамжайда 4 жигит курал менен жол тосуп, тургундарды ур-токмокко алган

Кадамжайда 4 жигит курал менен жол тосуп, тургундарды ур-токмокко алган

Баткен облусунда курал менен коркутуп адамдарды тоногон топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү түндө Кадамжай районунун Марказ айылында белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду ээн жерге алып барып сабап, тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу алардан качып кетүүгө үлгүргөн.

Ошол эле күнү аталган адамдар автоунаасы менен бара жаткан дагы бир тургунду токтотуп, ур-токмокко алышкан. Кийин тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. 

Бул адамдардын кайрылуусунан кийин ыкчам иликтөө иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен иш ачылган. 

Ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө шектүүлөр кармалган. Алар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары 1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М аттуу тургуну экени аныкталган.

Алар алгач убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. 

[su_image_carousel source=»media: 39122,39123,39124,39125,39126″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>