УКМК: Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүргөндөр кармалды

УКМК: Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүргөндөр кармалды

Күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Жүргүзүлгөн иш-чарада узак убакыт бою Казакстандан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын М.Т. аттуу башкы инспектору кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

УКМК билдиргендей, учурда кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>