Бишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы бөлүнгөн тилкелер кайсы көчөлөрдө пайда болотЗым, күрөк менен сабаган: Токмокто жаран аялы менен балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалдыБишкекте мамлекеттик телеканалдын кызматкерине кол салуу болду — толук маалыматКыргызстанда 261 миң гектар аянтта дан эгиндери жыйналдыЖаратылыш министрлигинин экорейддери: текшерүүдөн кийин мончо жабылып, таштанды жаккандыгы үчүн айып пул салындыБазар-Коргондо баасы 187 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Кадамжайда жаңы көмүр кенин иштетүүгө 2 млн $ жумшалууда
05.01.2025 | 11:34
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” көмүр кени ишке кирип, көмүр казууга даярдыктар жүрүүдө.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ачык ыкма менен жылына 440 тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда жер астынан кен казуу да пландалган.
Кенди иштетүүгө 2 млн АКШ доллар каражаты инвестицияланууда. Биринчи этапта 50 жумушчу оруну түзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган жайда 3 млн 246 миң тонна көмүрдүн кору бар экендиги аныкталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика