Кызыл-Кыяда өспүрүмдүн каза болушу боюнча кылмыш иши козголду

Кызыл-Кыя шаарында мушташ учурунда өспүрүм каза тапты. Бул маалыматты Reporter.kg басылмасына Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын инспектору, милициянын майору Акылбек Амираев тастыктады.
Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын 27-майында Т.Кулатов атындагы шаардык эс алуу паркындагы жаңжалдын кесепетинен 16 жаштагы М.Б. (2010-ж.т.) 17 жаштагы Т.Т.ны (2009-ж.т.) урган. Натыйжада Т.Т. эсин жоготуп жыгылып, тез жардам дарыгерлери келгенге чейин каза болгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту («Ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү менен этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү») боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди, учурда калган өспүрүмдөрдүн аракеттерине укуктук баа берүү үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.