Кафенин күзөтчүсүн травматикалык тапанча менен аткан жаран кармалды

Кафенин күзөтчүсүн травматикалык тапанча менен аткан жаран кармалды

Кантта «Империя Пиццы» кафесинин күзөтчүсүн травматикалык тапанча менен атууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-январь күнү милицияга Кант шаарындагы «Империя Пиццы» кафесинин 41 жаштагы Б.А. аттуу администратору арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 29-январь күнү болжол менен саат 05:50да 30-40 жаштагы белгисиз адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, травматикалык тапанча менен кафенин 2-кабатынан Т.С. аттуу күзөтчү тарапка ок чыгарып, натыйжада күзөтчү сол далысынан жаракат алганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда күзөтчү Т.С. өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок желим окту өткөрүп берген. Ошондой эле, кылмыш иштин алкагында соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 37 жаштагы М.М. тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: ИИМ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>