Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Төрага Шакиев жыйынга депутаттары катышпаган фракцияны атады
01.02.2023 | 10:54
“Ыйман Нуру” фракциясынан бир дагы депутат жыйынга келген жок. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе буга чейин дагы көтөрүлүп келген.
“Бүгүн депутаттардын жыйынга катышуусу жакшы. Бирок, калыстык үчүн айтып коюу керек, бүгүнкү жыйынга “Ыйман Нуру” фракциясынан бир дагы депутат келген жок. Мындай көрүнүш буга чейин дагы кайталанган”, – деген төрага аталган фракциянын депутаттарын жыйынга чакырууну Аппараттын кызматкерлеринен өтүндү.
Буга чейин Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин жыйындарына жүйөлүү себеби жок катышпаган депутаттардын айлыгы кыскартыларын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом