Кайгуул милициясы велосипед тепкендерге кайрылды

25.05.2020 | 12:01

Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы жарандарды велосипед менен жүрүүдө жол эрежесин сактоого чакырат. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Андагы маалыматта, велосипед айдагандарга төмөнкү эрежелерди так сакташы керектиги көрсөтүлгөн:

– бир колу эмес, сөссүз эки колу менен велосипедди башкаруу;

– жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоо;

– велосипед менен кошумча жүк ташыбоо;

– жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүү;

– түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонуу.

Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы эрежелерди сактабагандар кандай тартиптик же административдик жазага тартыларын айткан эмес.

Scroll to Top