Чүй облусу: Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусу: Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 25-январында УКМК тарабынан «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн “Ш.Э.М.” аттуу жетектөөчү адиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси “Ш.Э.М.”, КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн “Х.Х.Х.” аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>