Кайра шайлоо: БШК талапкерлерди каттоону аяктады

Кайра шайлоо: БШК талапкерлерди каттоону аяктады

Бүгүн, 27-январь, саат 18.00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо боюнча No27 Биринчи Май жана No29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Талапкерлерден документтерди кабыл алуу процессине “Жалпы иш” коомдук фонду көзөмөл жүргүздү.

БШКга 72 талапкерден документтер келип түшкөн, анын ичинен 26 талапкер катталган (кабыл алуунун акыркы күнүндө 12 талапкерден арыз түшкөн):

— No27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (эркектер – 33, аялдар – 3) көрсөтүлүп, анын ичинен 12 талапкер катталып, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты;

— No29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (эркектер – 25, аялдар – 11) көрсөтүлүп, анын ичинен 14 талапкер катталып, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Кайра шайлоо 27-февралда болот.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда «баарына каршы» графа алдыга чыккан. Ошол себептен кайра шайлоо дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>