Айгүл Жапарова: Балдардын онкологиясы менен күрөшкөн дарыгерлерди колдойбуз

Айгүл Жапарова: Балдардын онкологиясы менен күрөшкөн дарыгерлерди колдойбуз

Рак менен ооруган балдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Ал онкологдорго ыраазычылык билдирди.

«Мындай тегерек столдорду өткөрүп, балдар онкологиясынын көйгөйүнө көңүл буруу керек. Рак оорусун алгачкы стадиясында дарыласак, анда 70% учурда ал айыгып кетет. Бул үчүн биз көп аракеттерди жасайбыз. Балдар онкологиясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге колдоо көрсөтөбүз. Мына ушинтип гана балдарга жардам бере алабыз», — деди Жапарова.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда жылына 150дөн ашык бала онкологиялык оору менен ооруйт.

Анын айтымында, иш-чаранын максаты — рак оорусун эң оор оорулардын бири катары маалымдоо, балдардын бул дартын алдын алуу, аныктоо жана дарылоого көңүл буруу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>