Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Кайра шайлоо. Евгения Строкова депутаттыкка талапкерлигин койду
24.01.2022 | 08:49
КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Евгения Строкова Бишкектин Свердлов округу боюнча кайра шайлоого талапкер болоорун билдирди.
Бир күн мурун БШК анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттаган. Ошондой эле талапкерлердин күбөлүктөрүн 16 адам алганы көрсөтүлгөн. Бардыгы болуп 48 талапкер билдирме тапшырган. Анын ичинен 21 – Биринчи Май районунда, 27 – Свердлов районунда.
Билдирүүлөрдү тапшыруу 27-январда аяктайт.
7-февралга чейин БШК талапкерлерди катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат