Кайрадан Кара-Кечеде айдоочулар нааразы (ВИДЕО)

Кайрадан Кара-Кечеде айдоочулар нааразы (ВИДЕО)

Кара-Кече көмүр кенинде он бешине чейин айдоочуларды киргизбей жаап салды деген видео социалдык тармактарга тарады. Видеодо айдоочулардын көмүр бербей, кендин оозунда каз катар тизилген унааларды, айдоочулардын үндөрүн угууга болот.

Алардын бири, “он бешине (кайсы ай белгисиз) чейин көмүр жок деп нааразы болуп жатышат. Эл чогулуп ызы-чуу кылып жатабыз. «Жапсаңар толук жапкыла, жаппасаңар ачкыла, киргизгиле» депчи.  «Садырга жүктөйбүз» дейт. А мындайга жок, он бешине чейин жүктөбөйбүз дейт. Эмне кылабыз билбейм»,— дейт.

 

 

Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарында,  «Кыргыз көмүр» ишканасы учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын айтууда. Тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу  бир жума ичинде көмүр берилээрин маалымадаган.  Ал эми Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү үзгүлтүккө учурабаганын кошумчалаган. Бишкекте 3 миң сомдон сатыла турган көмүрдү жеткирүү да үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>