Кайрадан Штайнмайер Германиянын президенти болуп шайланды

Кайрадан Штайнмайер Германиянын президенти болуп шайланды

Жекшемби, 13-февралда Франк-Вальтер Штайнмайер Германиянын президенти болуп экинчи мөөнөткө шайланды. Ага Федаралдык жыйындын мүчөлөрүнүн көбү добуш берди.

Федаралдык жыйынга Бундестаг жана федералдык жерлердин өкүлдөрү кирет.

Штайнмайердин талапкерлигин Германия социал-демократиялык партиясы, Эркин демократтар жана “Жашылдар” партиясы менен катар ХДС/ХСС оппозициячыл союзу колдоду. Аны “Германия үчүн альтернатива” менен “Солчулдар” партиясындагы оңчул популисттер кубаттаган жок. Натыйжада Штайнмайерге 1425 депутаттын ичинен 1045и добуш берди. Deutsche Welle кабарлагандай, жыйындын 86 мүчөсү добуш берүү укугун пайдаланган жок.

Экинчи жолу президент болуп шайлангандан кийин Штайнмайер демократияны коргоо маанилүү экенин билдирип, Европаны азыр согуш тооруп турганын белгиледи. Ал абалдын курчушуна Орусия жооптуу экенин айтып, каатчылыктан чыгуунун жолун бирге издөөгө үндөдү.

Штайнмайер 66 жашта. Ал мурда Германиянын тышкы иштер министри жана вице-канцлери болгон.

Германияда бийлик ыйгарым укуктарынын дээрлик баары канцлерде болгону менен президенттик кызмат моралдык бийик даража катары саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>