Курулуш агенттигинде мыйзам бузган 47 кызматкер иштен алынды

Курулуш агенттигинде мыйзам бузган 47 кызматкер иштен алынды

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасы агенттигиндеги мыйзам бузуулар боюнча кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен 47 адам кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысы Нуртазин Жетибаев 24-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал кызматка келгенден кийин агенттикте 21 кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн.

«Менин кызматка келгениме жети ай болду. Башынан эле коррупцияга каршы ишти күчөткөнбүз. Мыйзам бузуулар боюнча 21 кызматтык териштирүү жүргүздүк. Анын жыйынтыгы менен 47 адам жумуштан кетип, тартип чаралары колдонулду. Андан кийин ал материалдарды баа берүү үчүн укук коргоо органдарына тапшырдык», — деди ал.

Анын айтымында, укук коргоо органдары тарабынан бир нече адам жоопко тартылган.

«Юридикалык бааны күч органдары, сот берет. Биз бул багыттагы ишти мындан ары күчөтөбүз», — деди Жетибаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>