Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоодо — видео

Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоодо — видео

Бүгүн, 20-августта Ысык-Көл облусунун аймагында көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо боюнча масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш-чарага облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынан тышкары, аймактын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башка кызматтарынын кызматкерлери да тартылууда.

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте браконьерлердин торлорун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Негизинен, тазалоо иштери браконьерлер өздөрүнүн балык уулоочу торлорун көп салчу жерлерде жүргүзүлүүдө.

Ведомстводо белгиленгендей, балык уулоочу торлордун баасынын арзандыгынан жана жеткиликтүүлүгүнөн улам, браконьерлер балыктарды кармагандан кийин да торлорун чыгарбай таштап кетишүүдө.

Ташталган торлор келгин куштарга жана көлдүн башка жашоочуларына коркунуч жаратат. Анткени, балык уулоочу торлорду таштап кеткенден кийин да алар балыктарды көпкө чейин кармай берет. Бул өзү суу жаныбарларына, канаттууларына жана балыктарына чоң зыян келтирет.

Бул рейддик иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>