Кайтарышсын. Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктүн аялына жооп берди

Кайтарышсын. Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктүн аялына жооп берди

Садыр Жапаров “Кабар” агенттиги аркылуу “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаевага жооп берди.

Ал ““Кумтөрдүн” мурдагы башкаруучусу, азыр камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачарчылык жарыялады. Ал бул кадамын жолдошунун күнөөсү жоктугуна көңүл бурдуруу максаты менен түшүндүрдү. Ошондой эле Теңгиз Бөлтүрүктүн эч кандай айыбы жок экенин белгиледи. Негизи кандай болгонун айтып берсеңиз. Ал жакта алтын уурдаган фактылары болду беле?”- деген журналисттин суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген.

 “Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. “Кумтөрдү” иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды”,- деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок”- деген Садыр Жапаров.

Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго Теңиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Эскерте кетсек, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 10-майга чейин камакта калтырган. Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялап, президентке кат жолдоду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>