Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялап, президентке кат жолдоду

Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялап, президентке кат жолдоду

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал жолдошунун Фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал ушинтип күйөөсүнүн козголгон кылмыш ишине нааразычылыгын билдирип, анын үй камагына чыгарылбай жатканын жазган.

«Мен, Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан бери расмий түрдө ачкачылык жарыяладым, анткени алар менин жолдошумду үй камагына да чыгарбай жатышат! Коргонууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Ага дарыланууга жана балдары менен болууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Менин жашоом сиздин колуңузда! Ал Кумтөрдү кайтарып берүүгө сөз берген. Ал убадасын аткарды. Сиз дагы ага сөз бергенсиз. Мен эмне жөнүндө айтып жатканымды билесиз» деп жазган ал Садыр Жапаровго кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган. Теңгиз Бөлтүрүк 10-майга чейин камакта калтырылган.

Быйыл 27-февралда Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим сураган. Ал эми 9-мартта анын жубайы Ильмира Алпысбаева жолдошунун ден соолугу начарлаганын айтып чыгып, өзүнө карата коркутуулар болгонун билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>