Калп айтпа! Садыр Жапаров жол куруп жаткан подрядчыны сынга алды

Калп айтпа! Садыр Жапаров жол куруп жаткан подрядчыны сынга алды

Президент Садыр Жапаров 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы  —Барскоон унаа жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

Маалым болгондой, өлкө башчынын тапшырмасы менен 2021-жылы II техникалык категориядагы Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол эл аралык маанидеги жолун, анын ичинде Балыкчы — Барскоон участогун реконструкциялоо иштери башталган.

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев президентке Балыкчы — Барскоон унаа жолунда аткарылган иштер боюнча маалымдап, ошондой эле белгиленген пландар тууралуу айтып берди — быйылкы жылы жер иштерин бүтүрүү, асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө, тосмолорду орнотуу, көпүрөлөрдү куруу пландалууда.

Садыр Жапаов “Барскоон — Балыкчы унаа жолун 2024-жылдын аягына чейин бүтүрөсүңбү? Жетиштүүбү баары эле? Алган акчаңарды жолго салып эле жатасыңарбы, башка жакка жумшаган жоксуңарбы?”- деп суроо узатты.

Ал эми подрядчы “алган акчаларды жолго жумшап жатабыз. Метал 40 сом эле, 95 сомдон алган учурлар болду. Азыр 60 сом. Битум дагы кымбаттап кетти. Негизинен жолго битум кетет да. 35 пайыздан 180 пайызга чейин кымбаттады”- деди.

Президент “канчадан алып жатасыңар битумду?”- деп тактап сурады.

Подрядчы “азыр битумдун заводдогу баасы 400 доллардан болуп жатат”- деп жооп берди.

Бул жоопко ынанбаган Садыр Жапаров подрядчыны сынга алды.

Калп айтпа, такыр калп айтпа. 209 доллар алып келип жатпайбы? Сен дароо эле эки кымбат айтып жатасың. Андай кылба да…  Сен мурдагы коррупциялык ыкма менен алган бааны айтып жатпайсыңбы?  Шак эле 200дү кошуп…, 209дан алып жатабызбы?”- деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>