Келишпестиктерсиз, бирок олуттуу бурулушсуз дагы: саясат таануучу Сергей Кожемякин ШКУ саммитинин жыйынтыктары тууралуу

ШКУнун Бишкектеги саммити уюмдун катышуучуларынын ортосундагы айырмачылыктарга карабастан, биримдикти сактоо жөндөмдүүлүгүн ырастады, бирок бирикмеден глобалдык кризистерге олуттуу таасир күтүүнүн азырынча кажети жок. Саясат таануучу Сергей Кожемякин Reporter.kg сайтына берген маегинде саммит Кыргызстанга реалдуу түрдө эмне бергенин, жарандар кайсы чечимдердин таасирин сезе аларын жана Бишкек өзүнүн күн тартибин алдыга жылдыра алдыбы же жокпу, айтып берди.
— ШКУнун Бишкек саммитинин башкы саясий жыйынтыгы катары эмнени бөлүп көрсөтөөр элеңиз? Бул жолугушуудан кийин чындыгында эмне өзгөрдү, ал эми эмнелер декларация деңгээлинде гана калды?
— ШКУнун Бишкек саммитинин башкы саясий жыйынтыгы — анын олуттуу, көрүнүп турган келишпестиктерсиз жана чыр-чатактарсыз өткөндүгү болду. Бүгүнкү эл аралык башаламандыктын шартында жана мүчө-мамлекеттердин дүйнөлүк күн тартибине карата жалпы мамилеси жок экендигин эске алганда, бул өзүнчө чоң жетишкендик.
Пропаганда менен азыктанган ШКУнун «глобалдык маанилүүлүгү» жөнүндөгү иллюзияларга алдырбасак, уюм аймактык бирикме катары кыйла ийгиликтүү иштеп жатканын моюнга алсак болот.
Бул жагынан алганда, туруктуу иштөөчү түзүмдөрдү — Коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу боюнча универсалдуу борборду жана Баңгизаттарга каршы борбордун Аткаруу комитетин түзүү чечимин, ошондой эле транспорт, логистика, экология, маданият тармагында мурда башталган кызматташтыкты тереңдетүүнү маанилүү кадам деп эсептейм. Бул багыттар боюнча өз ара аракеттенүү чындап эле жөнгө салынган жана «иш режиминде» жүзөгө ашырылууда.
Бирок, эгерде биз БУУнун борбордук ролун сактоо жана бир тараптуу чараларга жол бербөө, адилеттүүрөөк дүйнөлүк финансы системасын түзүү, Иран жана Палестина жаңжалдарын жөнгө салуу чакырыктары камтылган Бишкек декларациясына кайрылсак, бул «жакшы тилектердин» деңгээлинде гана калууда.
ШКУ аскердик-саясий уюм макамынан расмий түрдө баш тартып, кандайдыр бир башка мамлекеттерге каршы багытталбаганын баса белгилейт. Муну менен ал өзүн абдан тар алкакта чектөөдө, анткени декларацияда айтылган көйгөйлөрдүн бардыгынын «аты-жөнү», башкача айтканда келип чыгуу булагы бар.
Бул — глобалдык капитализм жана Батыштын үстөмдүгү. ШКУ алдына бир кыйла тар, «утилитардык» (практикалык) милдеттерди коюу менен алар менен күрөшүүгө ниеттенбейт. Бирикменин курамынын ар түрдүүлүгүнөн улам келип чыккан объективдүү реалдуулук ушундай. Катуураак түзүм жана так максаттар анын жөн гана таркап кетишине алып келмек.
— Ушул деңгээлдеги саммитти өткөрүү Кыргызстандын эл аралык салмагына кандай таасир этти? Анын аймактагы ролунун күчөшү жөнүндө айтууга болобу?
— Жалпысынан уюштуруу бөлүгү жогорку деңгээлде — эч кандай байкаларлык кемчиликтерсиз, дал келбестиктерсиз ж.б. өттү деп таанууга болот. Бул жагынан Кыргызстан жогорку деңгээлдеги форумдарды кабыл алууга даяр экендигин ырастады. Ошол эле учурда, биздин өлкөнүн эл аралык салмагында жана ролунда кандайдыр бир чоң жылыштар жөнүндө айтуу эрте. Деген менен, бул жерде башка факторлор, биринчи кезекте экономикалык факторлор чечүүчү мааниге ээ.
— Саммиттин жыйынтыктарын дипломатиялык эмес, практикалык көз караштан бааласак, жакынкы жылдары Кыргызстандын тургундары анын кайсы чечимдерин реалдуу сезе алышат?
— Кандай гана интеграция, кандай гана кызматташтык болбосун, масштабына жана катышуучулардын санына карабастан, — бул априори (башынан эле) оң көрүнүш. Саммиттин жана кабыл алынган чечимдердин жарандардын жашоосун жакшыртууга тийгизген түз таасири жөнүндө, айрыкча кыска мөөнөттүү келечекте, айтуу албетте кыйын.
Алар ШКУга тиешелүү болгондой эле, мисалы, эки тараптуу өнөктөштүк деңгээлинде жасалган башка көптөгөн кадамдар менен чырмалышып турат.
Бирок, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүгө, экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташууга тиешелүү акыркы чечимдер жашоо деңгээлин жогорулатууга, коопсуздук кырдаалын жакшыртууга өз салымын кошоору анык.
— Саммитте Жакынкы Чыгыштагы жана Ирандын тегерегиндеги кырдаал боюнча кыйла кескин билдирүүлөр айтылды. ШКУ мындай эл аралык кризистерге реалдуу таасир эте алабы же анын мүмкүнчүлүктөрү азырынча саясий билдирүүлөр менен гана чектелеби?
— Мындай дейли: эч нерсе жок болгондон көрө ушул жакшы. Иранды колдогон, АКШнын жана анын сателлиттеринин гегемонизмине каршы ар кандай үн, ар кандай акция — бул жакшы. Бирок, тилекке каршы, ШКУнун табияты ага декларациялардын чегинен чыгууга жол бербейт. Ал турсун азыркы эң эле радикалдуу эмес сөздөрдүн (формулировкалардын) өзү Индиянын макул эместигин жаратты.
Саммит өтүп жаткан күндөрү Бишкекте Трамптын атайын өкүлү Серджо Гор баштаган америкалык делегациянын жүргөнү да мүнөздүү көрүнүш. Ал эми Кыргызстанда болгон аймактын республикаларынын башчылары аны менен жолугушууга шашылышты. Ошондуктан ШКУдан мындан да кайраттуу жана чечкиндүү аракеттерди күтүүгө, тилекке каршы, мүмкүн эмес.
— Сиздин оюңузча, Кыргызстан ШКУга төрагалык кылууну канчалык ийгиликтүү аткарды? Бишкек өзүнүн күн тартибин алдыга жылдыра алдыбы?
— Кыргызстандын төрагалыгы кыйла активдүү жана ийгиликтүү болду. Жалпысынан 200дөн ашык иш-чара өткөрүлдү. Алардын ичинен Бишкектин демилгеси менен өткөрүлгөн улуттук укук коргоо уюмдарынын биринчи консультативдик жолугушуусун бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул формат келечекте адам укуктары тармагындагы Батыштын монополиясын буза алат.
Ошондой эле, кыргыз тараптын демилгеси менен стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын жетекчилеринин үзгүлтүксүз жолугушуулары башталды, бул экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө түрткү берет.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин портторун жана логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга биргелешкен иш-аракеттер планы иштелип чыгып, бекитилди. Бул кадамдардын бардыгы уюмду, өзгөчө анын экономикалык багытын бекемдөөгө кызмат кылат.
Анара Мамытова