Калыс тартып койдубу? Махмудов Түркиядагы мелдеште жеңилди

Калыс тартып койдубу? Махмудов Түркиядагы мелдеште жеңилди

Акжол Махмудов (77 кг) Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде 1/8 финалдагы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.

Махмудов чейрек финалга чыгуу үчүн түркиялык Йүксел Сарычичек менен күрөшүп, бештешти 1:5 эсебинде атаандашы утту.

Кыргызстандык күйөрмандар калыс түркиялык балбанга тартып койгондуктан, Йүксел Сарычичек жеңишке жеткенин айтышууда.

Кармаштын биринчи бөлүгүндө калыс Махмудов «пассивдүү күрөштү» деп партерге жаткырып, атаандашына 1 упай берди. Партерде түркиялык спортчу эч кандай ыкма жасай албай, упай ала алган жок. Бирок Махмудов коргонуп жатканда «эреже бузду» делип атаандашына 2 упай берилди да ал кайра партерге жаткырылды. Бул ирет да түркиялык балбан упай ала алган жок. Биринчи бөлүк 0:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Экинчи бөлүктөгү беттештин жүрүшүндө калыс Махмудовду кайра партерге жаткырып, атаандашына 1 упай берди. Калыстын бул чечими күйөрмандарды нааразы кылды. Бирок түркиялык балбан үчүнчү ирет партерде ыкма жасай албай, упай алган жок.

Беттештин аяктарына 2 мүнөттөн аз убакыт калганда калыс Йүксел Сарычичекти партерге жаткырды. Партерде Махмудов атаандашын көтөрүп чабууга аракет кылып, бирок ыкма жасай алган жок.

Андан кийин балбандар туруп күрөштү. Беттештин жүрүшүндө түркиялык балбан күрөштөн кача баштагандыктан, калыс ага эскертүү кылып, Махмудовго 1 упай берди. Ал арада күрөшө турган 16 секунд гана калган.

Махмудов упай алууга ашыгып, атаандашынын белине өтүүгө аракет кылып жатканда, атаандашы аны сыртка чыгарып, дагы 1 упай алды. Натыйжада беттеш 1:5 эсебинде аяктады.

Бул кармашты күйөрмандардын катарында көрүп отурган өзбекстандык балбан Рустам Ассакалов мелдеш Түркияда өтүп жаткандыктан алар өз спортчусуна «тартып койду» деген оюн айтты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>