Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Түркиядагы мелдеш: Тыныбекова менен Бейшекеев чейрек финалга өттү
08.03.2024 | 16:46
Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Раззак Бейшекеев (67 кг) чейрек финалга чыкты.
Тыныбекова таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде америкалык спортчуну жеңип алды.
Ал эми Раззак Бейшекеев таймашты 1/16 финалдан баштаган. Анын биринчи атаандашы дагы бир кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов болду.Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упайы Бейшекеевде болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.
1/8 финалда Бейшекеев түркиялык балбан менен кез келип, аны 10:2 эсебинде жеңип алды.