Камактагы Юрий Низовский менен Акыйкатчынын өкүлдөрү жолукту

Камактагы Юрий Низовский менен Акыйкатчынын өкүлдөрү жолукту

УКМК тарабынан кармалган Бишкек шаарындагы №61 мектептин директору Юрий Низовский менен Акыйкатчынын орун басары жана Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкери жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Ю.Низовский тергөөчүлөрдүн жана оперативдүү кызматкерлердин аракеттерине эч кандай нааразычылык билдирген эмес.

Акыйкатчынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү УКМКнын кызматкерлеринин катышуусуз жабык өттү.

Акыйкатчы УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилигинин, прокуратуранын жана Биринчи май районунун тергөө судьясынын көңүлүн бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздердин жетиштүүлүгүнө толук, объективдүү, жүйөлүү баа берүүнүн зарылчылыгы, ал эми аны колдонууда жана түрүн аныктоодо Ю.Низовскийдин жашын, ден соолугунун абалын, туруктуу жашаган жеринин болушун жана соттолбогондугун эске алууну өтүнөт.

Ошону менен бирге Акыйкатчы А.Абдрахматова бардык камактагыларга карата “камакка алууну” колдонуунун калыптанып калган практикасы жазык сот адилеттигинин эл аралык принциптерине каршы келерин, ага ылайык “камакка алуу” өзгөчө чара катары каралып, аны кармоого мүмкүн болбогон учурда гана колдонулаарын белгилейт.

Буга чейин УКМК Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын маалымдаган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>