Камбар-Ата ГЭСин үч өлкө курганы Кыргызстан үчүн кооптубу? Жооп

Камбар-Ата ГЭСин үч өлкө курганы Кыргызстан үчүн кооптубу? Жооп

Камбар-Ата ГЭСин үч өлкө биргелешип курганы, үч тараптуу көзөмөлгө алынышы кийин Кыргызстан үчүн көйгөй болуп калбайбы? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Энергетика министри Таалайбек Ибраевге парламенттин комитет жыйынында берди.

Ал эми министр Ибраев болсо ГЭСти Кыргызстан көзөмөлдөөрүн билдирди.

Эл айткандай, бир ГЭСти үч өлкө үчөө регулировка кылса, бизге деле пайдасыз, чаржайыт болуп кетет. Бул энергетика. Бир эле киши регулировка кылыш керек. Эгерде үч киши регулировка анда даана чаржайыт болот. Кыргызстан көзөмөлдөйт”-деди.

Ошол эле маалда депутат Самыйкожо Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Камбар-Ата ГЭСин көзөмөлдөгөнгө даяр деп жатат, ошону тактап коюш керек деп өз чочулоосун билдирди. Министр болсо ал казак сенаты каржылоо боюнча айтып жатса керек деди.

Буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшкан болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 Ашимбаев: Казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>