Камчыбек Ташиев Ятимов менен Тажикстанда жолугушту

Камчыбек Ташиев Ятимов менен Тажикстанда жолугушту

16-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган делегация Тажикстандын Бустон шаарында чек ара боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, тажик делегациясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов жетектеди.

Коопсуздук кызматынын башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияга ишти тездетүү тапшырмасын беришти.

Эки тарап 2-октябрь күнү Баткен шаарында кол коюлган №44 протоколду ишке ашырууга кызыкдар экенин дагы бир жолу ырасташты. Жолугушуу достук жана түшүнүү маанайда өттү.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга каршы аймактык дооматтардан баш тартууга чакырган.

Ташиев менен Ятимов: Чек ара боюнча акыркы чечим жакын арада кабыл алынат (видео)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>