Суу чарба департаментинин кызматкерлерине иши козголду

Суу чарба департаментинин кызматкерлерине иши козголду

Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-майда УКМК тарабынан Коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган комплекстүү иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба дирекциясынын жооптуу кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүмү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрушүндө, 2010-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясынын башкы суу алуучу объектисин реабилитациялоо жана Ак-Сай айылындагы Коңорчок айылында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 170 млн сомдон ашык сметалык баасы менен башталган. Долбоордун шарттарына ылайык, объектти ишке киргизүү мөөнөтү 2018-жылга белгиленген. Кардар болуп Суу ресурстарын башкаруу дирекциясы, ал эми подрядчы болуп «Тянь-Шань Трэвел» ЖЧКсы, «Каиндинский УССМ» ЖЧКсы, «Эмпайр Групп» ЖЧКсы болуп — кийин анын ордуна «Жагалмай» ЖЧКсы түзүлгөн.

2016-2019-жылдар аралыгында аткарылган иштердин көлөмү боюнча техникалык көзөмөл тарабынан тастыкталбаган шартта, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба курулуш дирекциясынын директору «С.А.Т.» белгиленген ишканалардын эсебине акча каражатын которуу менен аткарылган иштердин актыларына кол коюуга уруксат берген. Жыйынтыгында техникалык көзөмөл тарабынан тастыкталган 19 миллион 123 миң 505 сомдук жумуштун ордуна которулган каражаттын көлөмү 88 млн 432 миң 330 сомго жеткен.

Көз карандысыз инженер-металык адисти тартуу менен жургузүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, бул ишканалар тарабынан аткарылган иштердин сапатынын техникалык нормаларга жана курулуш эрежелерине ылайык келбестиги аныкталган. Дирекциянын директору «С.А.Т» кабыл алган подряддык иштердин суммасы менен техникалык көзөмөл тарабынан кабыл алынган иштердин ортосундагы айырма 50 млн 185 миң 320 сомду түзгөн.

Бул объектилерди куруу процессин техникалык нормаларды бузуу менен кечиктирүүгө жана өткөрүүгө, ошондой эле аларды ишке киргизүү аракетинен (2020-2021-жылдар) бүгүнкү күнгө чейин жыл сайын жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү калктын кескин нааразычылыгын жаратып келүүдө.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан кошумча келтирилген зыянды жана бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>