Насыяга алган үрөн өнбөй, зыян тарткан дыйкандар Ак үйгө келишти

Насыяга алган үрөн өнбөй, зыян тарткан дыйкандар Ак үйгө келишти

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Суусамыр айыл аймагынан келген дыйкандардын көйгөйүн укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда быйыл насыяга алынган арпанын үрөнү сапатсыз болуп, түшүмсүз калган дыйкандардын көйгөйү талкууланды.

Арпанын “Вакула” сорту алгач элиталык сапатта экени белгиленип, кийин жүргүзүлгөн экспертизадан соң 1-репродукцияга түшүрүлгөн. Андан тышкары, дыйкандар “Мамлюк”, “Леон” жана “Ратник” сортундагы арпалардын үрөнү да сапатсыз экенин кошумчалашты.

Буга себеп, быйыл “Айыл Банк” аркылуу насыяга алынып, Суусамырга эгилген арпа үрөнүнүн жогоруда аталган сорттору түшүм бербей, көпчүлүк дыйкандар зыянга учураган. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, эки темир жол вагону менен келген үрөндүн түшүмү болбой калгандыгы аныкталып, кийин дагы бир вагон менен келген үрөн сапатсыз экени белгиленген. Бул тууралуу тийиштүү актылар түзүлгөн. Бирок алгачкы эки вагон боюнча гана маселе чечилип, компенсация төлөп берүү каралган.

Ал эми бир вагон боюнча дыйкандардын чыгымын жабуу көйгөй бойдон калууда. Андыктан дыйкандар арасында наарызычылык жаралып, “Айыл Банк” аркылуу алынган насыяны төлөө жаатында көйгөйлөр чечилбей келет. Бул арада айрым дыйкандар насыяны кечиктиргендигине байланыштуу, банк тарабынан лизингге мурда алган айыл чарба техникаларын алып коюу тууралуу коркутуулар болуп жатканын айтышты.

“Түшүмүбүз жок, насыяны жабууда кыйналып жатабыз. Бизге берилген үрөндүн сапатын тастыктаган сертификаттар, баасы эмне үчүн 47 сомдон болгондугун далилдеген маалыматтар да берилбей жатат”, – деди дыйкан Бердибек Кулуев.

Жыйынга катышкан “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун өкүлү 8 млн 861 миң сомдук көлөмдө насыя аркылуу 184 тонна арпа үрөнү 86 кишиге таратылганын белгиледи.

Андан тышкары, жыйынга катышкан Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү да дыйкандардын суроолоруна жооп беришти.

Жыйынтыгында Нурланбек Азыгалиев айтылган бардык көйгөй боюнча тийиштүү мекемелерге каттар жөнөтүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн убада кылып, ыкчам аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Ошондой эле жолугушууда Суусамыр өрөөнүндөгү таза суу көйгөйү көтөрүлүп, айрым айылдардын суу түтүктөрүн оңдоо тууралуу сөз болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>