Ташиев «КР Баатыры» наамына татыктуубу? Сурамжылоо аяктады

Ташиев «КР Баатыры» наамына татыктуубу? Сурамжылоо аяктады

Президенттин жарлыгы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргызстандын баатыры» наамы ыйгарылды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, аталган наам Камчыбек Ташиевге мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилгени айтылат. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары наам «эл алдындагы кайсы өзгөчө эмгек үчүн берилген» деген суроо салууда.

Учурда Камчыбек Ташиевдин наам алышы коомчулукта талкууга алынып жаткандыктан, Reporter.kg сурамжылоо уюштурду.

Буга чейин Reporter.kg мамлекеттик сыйлык жөнүндөгү кызыктуу фактыларды жана анын артыкчылыктарын тизмектеген.

Сурамжылоодо «УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кыргызстандын баатыры» наамына татыктуубу?» деген суроо берилген. Жооп иретинде «Татыктуу», «Татыктуу эмес» жана «Билбейм» деген варианттар болду.

Reporter.kg’нин Телеграм каналындагы сурамжылоо 1-сентябрда саат 13:45те башталып, 2-сентябрда саат 11:45те токтотулду. Сурамжылоого 77 киши катышып, алардын 34%ы «Татыктуу», 61%ы «Татыксыз» жана 5%ы «Билбейм» деген варианттарды тандады. Ошол эле учурда аталган сурамжылоо фейсбуктагы баракчага бөлүшүлүп, ал жактан Телеграм каналдагы сурамжылоого катышып, добуш бербеген адамдар комментарийлерде өз пикирлерин калтырышты. Комментарий калтыргандардын арасында «Татыктуу» жана «Татыксыз» деген жооптор болду.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>