Ысык-Көлдө түнкүсүн үч унааны айдап качкандар кырсыкка кабылды — сүрөт

Ысык-Көлдө түнкүсүн үч унааны айдап качкандар кырсыкка кабылды — сүрөт

Ысык-Көлдө түн ичинде үч унааны айдап качкан эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-сентябрда саат 02:20 чамасында Каракол ШИИБдин 102 кызматына жергиликтүү тургундан шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн «Перехват» иш мерчеми киргизилген. Каракол шаарынан чыга турган жолдорго милиция посттору орнотулган болчу.

Көп өтпөй саат 07:20лар чамасында Каракол шаарынын дагы бир тургунунан билдирүү түшкөн. Ал өз арызында 1-сентябрга караган түнү Каракол шаарында токтотулган «Камаз» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин билдирген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү жарандардын изине түшүп, көпкө узатпай кармоого жетише алышкан.

Кармалгандар Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургундары — 34 жаштагы М.М. жана 35 жаштагы А.С. болуп чыгышты. Алдын ала сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

Жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш-чараларынын жүрүшүндө 1-сентябрга караган түнү шектүүлөр мас абалында болуп, шаарга барууну чечишкен. Жол кире жоктугунан алар дүкөндүн жанында токтоп турган «Ауди-100» унаасын айдап кетишкен. Бир нече кварталдан кийин, унааны башкара албай, жолдун четине чыгып кетишкен. Андан соң, Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургунуна тиешелүү «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок аны менен да жол кырсыгына учурашкан.

Үчүнчү жолкусунда «Камаз» үлгүсүндөгү унааны айдай качышкан. Бир нече метрден кийин унаа өчүп калгандыктан, алар унаанын эки аккумуляторун чыгарып алышып, көңүл ачууну улантыш үчүн уурдалган буюмду сатууну чечишет. Бирок, көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул фактылар боюнча Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 205 (Уурдоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран соттун баш коргоо чарасы чыкканга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>